Бүгүн Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Тажикстандын Оли Мажлиси намояндагон Мажлисинин төрагасы Файзали Идизода, Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко жана байкоочу катары Сербия Скупщинасынын Коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Милован Дрецун катышты.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин башчылары ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдун 2024-жылдын ноябрында өткөн ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин сессиясында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана жамааттык коопсуздукка карата чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматын укту.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулоо учурунда парламенттик делегациялардын башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча жетишилген келишимдер достук, биримдик жана коңшулук мамилелер принциптерине шайкеш келерин баса белгилешти.
Ошондой эле Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов 2025-жылы ЖККУдагы төрагалык кылуу алкагында мамлекеттин аймагындагы коомдук-саясий жана аскердик туруктуулукту камсыз кылуу, коопсуздукка болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттер боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады.
Мындан тышкары, ЖККУга мүчө мамлекеттерде өткөрүлгөн шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө ЖККУ ПАнын өкүлдөрүнүн катышуусу, эл аралык парламенттик уюмдардагы аракеттерди координациялоо жана башка уюштуруу маселелери тууралуу маалымат угулду.