7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте журналист Арзыгүл Галымбетова эскерилди

1127

Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта журналист Арзыгүл Галымбетовага багышталып куран окулду.

Эскерүүгө журналисттер, маркумдун кесиптештери, активисттер жана “Чек ара” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү келди.

AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова 26-мартта көз жумду.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактарды чагылдырып келген. 38 жаштагы журналисттин жүрөгү токтоп калганы айтылды.

Арзыгүл Галымбетова 1984-жылы 24-ноябрда Баткен шаарында туулган.

2009-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде журналистика жана информатика факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 2007-жылы «Эхо Манас» телерадиокомпаниясында алып баруучу болуу менен баштаган.

2007-2008-жылдары «Кыргызстан обондору» радиостанциясында кабарчы жана радио алып баруучу болгон.

2008-2009-жылдары «КТР ОБО» гезитинде кабарчы болуп эмгектенген.

2010-жылдан бери АКИpress маалымат агенттигинде кабарчы, Баткен облусундагы өкүлү болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1128