7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жылуулук берүүнү токтотуу азырынча эрте

691

Бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык объектилерде жылуулукту өчүрүү али эрте. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу шаардыктар! Бир аз күн жылыгандыктан, бизге шаардыктардын жылытуу мезгилин токтотууну суранган билдирүүлөр келип түшүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы сырттагы абанын температурасына, аба ырайынын болжолуна көз салып турат, мисалы, кечээ кечинде минус температура болду.

Ал эми жалпыга маалым болгондой, бекитилген критерийлер боюнча керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат.

Буга байланыштуу шаардыктардын үйлөрүндө, мектеп жана бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык объектилерде жылуулукту өчүрүү али эрте»,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, абанын температурасынын кескин жогорулашы менен бул маселени кароо үчүн күз-кыш мезгилине өтүү боюнча штаб түзүлөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692