7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте зомбулукка кабылган балдар кайсыл жакка кайрыла алат?

731

Зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге кабылган балдар жардам берүү борборуна кайрылса болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган борбор зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балдарга психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп, балдардын коопсуздугуна кепилдик берет.

«Борбор зордук-зомбулуктан жабыр тарткандардын балдарын коргоону жана жардам сурап кайрылгандарга юридикалык колдоо көрсөтүүгө даяр. Борбордун тажрыйбалуу кызматкерлери ар убак  психологиялык жана социалдык колдоо көрсөткөнгө даяр. Эгерде сиз же сиздинжакындарыныз жардамга муктаж болсо, акысыз консультация алуу үчүн биздин борборго 0312 442510 номерине же 111 телефону аркылуу чалыңыз. Борбордун эшиги  ар дайым ачык жана  турмуштун оор кырдаалына кабылган ар бир балага жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

732