7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги 20 жаңы мектептин курулушу үзгүлтүксүз көзөмөлдө (ВИДЕО)

6

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 мектептин курулушу тыкыр көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Дем алыш күндөрү министрликке караштуу жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов жана “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан бир катар мектептердин курулушуна көзөмөл жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, президент тапшырмасына ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында 20 мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

7