7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги №4 оорукана тез жардам ооруканасы болуп өзгөрөт. Учурда юристтер иш алып барууда

1192

Бишкек шаардык травматология жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып өзгөртүү максатында юристер иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрилгинен билдирди.

Мекемеден билдиргендей, тез жардам ооруканасынын ачылышы калкка чоң жылыш болот. Ал жерде кур оорулар, травмалар, кырсыктар, уулануулар, ошондой эле массалык жабыркоолор, авариялар учурунда калкка күнү-түнү кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн шаардык көп тармактуу адистештирилген мекемеси болуп калат. Буга чейин борбор шаарыбыз дал ушундай адистештирилген мекемеге муктаж болуп келген.

Ошондой эле жакында Улуттук госпиталда 30 орундуу травматология бөлүмү ачылат. Ал жерде травматологиялык профилдеги бейтаптарды кабыл алууну пландап жатабыз.
Диагностика жүргүзүү үчүн жакында томография жана ангиограф аппараттары келе тургандыгын кошумалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1193