7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги гараж кооперативинин мүчөлөрү мэриянын алдына митингге чыгышты

610

Бишкектеги гараж кооперативинин мүчөлөрү мэриянын алдына митингге чыгышып, гараждарды алууга макул эместигин айтышууда.

Болжол менен ал жерге жүздөн ашык адам топтолуп, алар гараждык мунапыс берүүнү талап кылып, миңдеген гаражды рейдерлик жол менен басып алуу болуп жаткандыгын айтышкан.

Митингчилердин алдына вице-мэр Нурдан Орунтаев чыккан, бирок алар мэр Эмилбек Абдыкадыровдун өзү менен жолугууну талап кылышууда.

Белгилей кетсек, 24-ноябрда №12 кооперативдин мүчөлөрүнө он күндүн ичинде гараждарды бошотуп коюу талабы коюлган. Бирок, бузуу иштери андан мурун эле башталган. Негизги талап гараждарды бузбоо жана аларды муниципалдык унаа токтотуучу жайлар ишканасы менен келишим түзүүгө мажбурлоону токтотуу.

Булак: Спутник

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

611