Милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
4-мартта Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, Медеров көчөсүндө жайгашкан кафелердин бирине киришип, ал жерден 123 миң 300 сом акчасын жана 7 миң сомдук «Редми» маркасындагы уюлдук телефонун жашыруун түрдө уурдап кетишкен жарандарга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 2 жаран кармалган. Алардын 1992 жана 1996-жылы туулган жарандар экени аныкталган. Алар соттун чечими менен 2 айга СИЗО-1ге камакка алынышкан.