7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги тамактануучу жайларга 9 ай ичинде 19 млн 616 миң сом айып пул салынды

245

Бишкектеги коомдук тамактануучу жайларга 2025-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин 19 миллион 616 миң сом айып пул салынган. Бул тууралуу борбордогу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын айтымында, «Тамак-аш гигиенасы» беренеси боюнча 1458 эреже бузуу протоколдору түзүлүп, 137 мекеменин иши убактылуу токтотулган.

Кошумчалай кетсек, буга чейин суусу кир, таза суусу жана канализациясы жок тамактануучу жайлар эреже бузуулар жоюлганга чейин убактылуу жабылары маалымдалган.

246