Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик курултай ишин улантып жатат.
Элдик курултайдын бишкектик делегаты Гаухар Тогузбаева жарандардын бир нече көйгөйлүү маселесин жеткирүү үчүн келгендигин билдирип, калкты газдаштыруу маселесине токтолду.
«Мамлекет газга өтүүдө кыйналгандарды өзү каржылап, же болбосо узак мөөнөткө пайыздык үстөк албай насыя берсе жакшы болмок», — деди.
Делегат андан кийин сугат жана калкты таза суу менен камсыздоо көйгөйүн айтты.
«Жайында бут аймакта суунун тартыштыгы жаралууда. Муз, мөңгүлөр азаюуда. Сарамжалдык жок. Атайын штаб түзүп, ирригациялык канал жана арыктарды кайрадан куруу аракетин көрүш керек. Айрым учурда суулар ашып, жолдорду жууп калууда. Мен «элдик көзөмөл» кыймылын ишке киргизүүнү сунуштайт элем», — деп, коопсуздук маселеси, электр энергия жана суу менен камсыз кылуу кызматтары катуу көзөмөлдөнүшү керектигин кошумчалады.
Гаухар Тогузбаева ошондой эле мамлекет башчысынын көңүлүн мектептердеги окуу куралдарга бурду.
«Келечек муунду кыргыз тилинде тарбияласак. Шаардын мектептериндеги окуу куралдарга тезирек маани бериш керек. Анткени, балдарыбыздын билим алуудагы таянычы — бул китептер. Окуу китептеринин жасалуу сапаты жана ички мазмуну начар», — деген делегат, мугалимдердин айлык акысын шаардык бюджеттен республикалыкка которууну суранды.