7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектен Таласка качып барган шектүүнү милиция кармады

375

Бишкекте милиция издеп жүргөн шектүү Таластан табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,шектүү Бишкекте жарандан шериктери менен бирге  там алып беребиз деп  28 000 АКШ долларын алып, изин жашырып качып жүргөн.

Аталган факты боюнча Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин жүрүшүндө издөө жарыяланган.

Талас ОИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин натыйдасында 1985-жылы туулган У.Жнын жүргөн жери аныкталган. Ал Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Маймак айылынан тоо таштардын арасынан кармалган. Кармалган жаран 16-октябрь күнү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

376