7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин айрым райондорунда 14-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт

23

Бишкектин айрым аймактарында 14-октябрда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган күнү саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат:

— 1-квадрат. Алыкулов көчөсү – Кустанай көчөсү – Муром көчөсү – Садыгалиев көчөсү – Л.Толстой көчөсү – Coca-Cola району;

— 2-квадрат. Садыгалиев көчөсү – Д.Сяопин проспектиси – П.Лумумба көчөсү – Волков  көчөсү – Кустанай көчөсү андан ары Алимжан-Ата көчөсү – ЧЧК – Ленский көчөсү – Космонавтар көчөсү – Коммунаров көчөсү – ЧЧК – Ала-Арча дарыясы – Рыскулов көчөсү – Д.Сяопин проспектиси – Пишпек көчөсү – Жамгырчинов көчөсү – Кайназарова көчөсү – Гатчинский тар көчөсү – П.Лумумба көчөсү – Жамгырчинов көчөсү менен Садыгалиев көчөсүнө чейин;

— 3-квадрат. «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер», 110-квартал  конушу, «Достук» кичи району.

«Батыш»   суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

24