7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин кайгуул кызматы кар тазалоого көмөктөшүшүүдө

448

Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү «Тазалыктын» кызматкерлери менен бирге кар тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Кар калың жаап, жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, анын кесепетинен жол тыгындары пайда болуп жаткандыктан, Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, айдоочулардын жолдо тоскоолдуксуз жүрүүсүнө шарт түзүү максатында Бишкек шаарынын аймагындагы төрт райондо жолдорго түз, кум сыяктуу инерттик каражаттарды себүү менен карларды сүрүп тазалоо иштерин алып барууда. Ошондой эле “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кар тазалоочу техникаларынын ишин толук кандуу тосколдуксуз жана үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн аларды коштоп жүрүүдө.

Кайгуул милициясы жолдорду тазалоо иштери түнкүсүн да уланарын эскертип, карды сүрүп тазалоодо тоскоолдук жаралбашы үчүн айдоочулардан унааларды жолдун жээгине токтотуп кетпөөгө чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

449