7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин жаңы дайындалган вице-мэри тууралуу эмне белгилүү? Анын өмүр баяны

1763

Абдиев Бактыбек Абышевич 11-мартта Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.

Өмүр баяны:

Бактыбек Абдиев 1972-жылы 18-сентябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган.

Билими:

1989-1995-жылдары – Кыргыз архитектура-курулуш институтунун архитектура факультетинде, “Архитектор” адистигинде билим алган. 

2012-2014-жылдары – Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын башкаруу бөлүмүндө окуган. 

Эмгек жолу:

1995-1999-жылдары — Кара-Көл шаарынын архитектура башкармалыгы, архитектор-проекторлоочу, архитектура бөлүмүнүн башчысы;

1999-2000-жылдары — Ош архитектура башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы;

2000-2002-жылдары Кара-Көл шаарынын архитектура башкармалыгы, башкы архитектор;

2002-2003-жылдары — Өкмөткө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия, директордун жардамчысы;

2003–2006 — Бишкек Башкы архитектурасынын кеңсеси, Бишкек шаарынын Октябрь районунун башкы архитекторунун орун басары;

2006-2008-жылдары — Бишкек шаарынын Ленин районунун башкы архитектору;

2008–2013 — Ысык-Көл облусунун архитектура башкармалыгы, башкы архитектор;

2013-жылы Аламүдүн районунун башкы архитектору;

2013-2016-жылдары — Бишкек шаардык архитектура башкы башкармалыгы, башкармалыктын начальниги;

2016–2020 — Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, директор;

2003-жылдан бери — Кыргызстан архитекторлор союзунун мүчөсү;

2018-жылдан бери — Москва шаарынын Эл аралык архитектура академиясынын профессору;

2020-жылдын февраль айынан баштап — «Авангард Проект» курулуш-долбоорлоо компаниясы, башкы директор;

2022-жылдын мартынан бери — Бишкек шаарынын вице-мэри.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1764