Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды мамлекеттик желектин 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бүгүн мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн даңазалаган символубуз болгон Кыргызстандын мамлекеттик туусуна 30 жыл толуп олтурат. Бул майрам кыргыз жарандарын патриоттуулукка тарбиялоо жана мамлекеттик символдорун урматтоо максатында, президенттин2009-жылдын 10-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жөнүндөгү» № 270 жарлыгына ылайык белгиленген.
1992-жылдын 3-мартында мамлекеттик туубуз Жогорку советинин токтому менен бекитилген. 1992-жылдын 5-мартында борборубуздагы Өкмөт үйүндө алгачкы жолу көтөрүлгөн.
КРнын Мамлекеттик туусу ортосунда кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичинде кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Кызыл түс каармандыкты, ал эми алтын түстөгү күн алкагы тынчтык менен байлыкты билдирет.
Мамлекеттик туу бул биздин улуттук сыймыгыбыз жана символубуз катарында ар бир кыргызстандыктын Ата мекенге болгон сүйүүсүн жана жоопкерчилигин ойготуп турат. Туубуз ошондой эле эгемендүүлүктүн атрибуту катарында Кыргыз элинин биримдигин бекемдөө менен муундан-муунга татыктуу өткөрүлүп келет. Биздин ар бирибиздин ыйык милдетибиз аны көздүн карегиндей сактап, бийик көтөрүү.
Ылайым, ачык асман алдында мамлекеттик туубуз бийиктиктерде желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгө берсин!