7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Боомдогу жол кырсыкта 3 адам каза болду. Дагы бирөө ооруканада

1861

Кечээ Боом капчыгайында жол кырсыгы катталганы маалым болгон. Окуяга күбө болгондор унаа жолду бөлүп турган бетон тосмону сүзгөнүн жана каза болгондор бар экенин билдиришкен

ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу төмөндөгүлөрдү билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 138-чакырымында катталган. Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, бетон тосмону сүзгөн. Эки жүргүнчү жеринде мерт кеткен. Ал эми унаанын айдоочусу Кемин райондук ооруканага жеткирилген соң көз жумган. Дагы бир жүргүнчү ооруканада. Тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми «Турмуш» басылмасы унаадагы жүргүнчүгө шилтеме берүү менен айдоочу поликтеги бөтөлкөдөгү сууну алам деп эңкейип, рулду башка жакка буруп алып, бетон тосмону сүзгөнүн жазды. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, унаанын ичиндегилер бири-бири менен тааныш болушкан. Алар Нарындан тойдон келе жатышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1862