7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Борбор калаада 600дөн ашык жарнама демонтаждалды

723

Бишкек шаарында уруксат берилбеген жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоо боюнча рейддер өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  тазалоо иштери Биринчи май районунун аймагынан  башталган. Киев көчөсүндө Ч.Айтматов проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин 37 жарнама конструкциясы, ошондой эле 51 баннер демонтаждалган.

Свердлов районунда Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкелери тазаланды. Жалпысынан 382 жарнама конструкциясы алынган.

Ал эми, Ленин районунда Ахунбаев көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгү да “мыйзамсыз жарнактардан” тазаланган.

Октябрь району да уруксатсыз жарнама түзүмдөрүнөн тазаланды. Ахунбаев көчөсүн Ч.Айтматов проспектисинен Байтик баатыр көчөсүнө чейин тазалашкан.

Ошондой эле, Байтик баатыр көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки тилке да көңүл сыртында калган эмес. Жалпысынан 26 жарнамалык конструкция жана 65 баннер демонтаждалган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

724