7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Борбор калаанын мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып пул салынаарын эскертет

453

Бишкек шаарынын мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салынарын эскертет.

Жаздын келиши менен борбор калаада ишембилик башталды.
Тазалоодон кийин чогулган таштандылар жана жалбырактарды кадимки таштанды контейнерлерине таштоого болот, андан кийин алар «Тазалык» ишканасы тарабынан чыгарылат.

«Бирок жалбырактарды жана башка жашыл чөптөрдү өрттөөгө катуу тыюу салынат. Жалбырактардан чыккан түтүн оор кесепеттерге алып келген зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат», — деп белгилешти мэриядан.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эгерде мыйзам бузуу фактылары катталса жеке жактарга 7 миң 500, юридикалык жактарга 23 миң сом айыппул салынып, протоколдор түзүлөт.

Эске салсак, 2023-жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча бир айлык ишембиликтер өткөрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

454