Жаштар Кеңеши «Борбордук Азияда интеграция жана байланыш үчүн санариптик жолдору» темасында илимий конференциясын өткөрдү.
Конференцияда С5+ Жаштар Кеңешинин бүтүрүүчүлөрү жаш ишкерлер, жарандык коом уюмдары жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү арасында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында чек ара аралык санариптик инфраструктураны колдонуу жана регионалдык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ишке ашырылуучу саясаттарды сунуштап, маалымдуулукту жогорулатууга багытталган өз изилдөөсүн сунуштады.
Конференция ушул жылдын 1-ноябрында Америкалык университетте болуп өттү.
Анда студенттер, академиялык жана жаш изилдөөчүлөр, жеке жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле санариптик инноваторлор изилдөөнү сунуштоого чакырылды.
«Биздин изилдөө Борбордук Азиядагы регионалдык интеграцияны өнүктүрүү максатында мамлекеттик мекемелер жана эл аралык уюмдар үчүн саясаттык жол көрсөтмө катары кызмат кылат деп үмүттөнөбүз, айрыкча регионалдык интеграция жаатында, мамлекеттер аралык соода жана дипломатия аркылуу жүргүзүлө турган келечектеги изилдөө долбоорлору үчүн маалымдама катары кызмат кылат деп ишенебиз », — деди долбоордун жетекчиси жана C5+1 Жаштар кеңешинин бүтүрүүчүсү, Тажикстандан келген Акмалжон Ахмеджонов.
Изилдөө Борбордук Азиянын саясий тоскоолдуктарын, айрыкча санариптик инфраструктураны жакшыртуу аркылуу, колдоочу стартап экосистемасын түзүү үчүн кантип аракет кылуу керектигин түшүндүрөт.



