2026-жылдын 1-мартына дайындалган. №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы 18 млн 507 миң сом өлчөмүндө бекитилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Сметада шайлоону уюштурууга жана маалыматтык жактан камсыз кылууга кетчү чыгымдар, комиссия мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле ишке тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак-аш уюштурууга суткалык төлөмдөр камтылган.
Андан тышкары, чыгымдардын бекитилген сметасы шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган иш-чараларды каржылоону, ошондой эле шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды, шайлоо участокторун техникалык жактан жабдууну, маалыматтык материалдарды даярдоону, окутууларды уюштурууну, командировкалык чыгымдарды жана башка уюштуруу иш-чараларды камтыйт.
Чыгымдар төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө таянып эсептелген:
- округдук шайлоо комиссияларынын саны – 1, мүчөлөрүнүн саны – 15 адам;
- участкалык шайлоо комиссияларынын саны – 94, мүчөлөрүнүн саны – 965 адам;
- шайлоо өткөрүү учурунда жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызматтарды көрсөтүүгө тартылган операторлордун саны – 55 адам;
- техникалык колдоо көрсөтүүчү операторлордун саны – 24 адам.



