7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК 8-ноябрында талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрөт

142

Борбордук шайлоо комиссиясы 8-ноябрда 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча жана мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чучу кулак өткөрөт.

Ушул эле күнү 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн көп мандаттуу шайлоо округу боюнча катталган талапкерлердин меморандумга кол коюу иш-чарасы болот.

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен өз ара тыгыз кызматташып, БШКнын атайын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:

– “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чүчү кулак өткөрүү үчүн имараттарды техникалык жабдуулар менен лототрондорду камсыздоо;

– чүчү кулакты өткөрүүдө коомдук, анын ичинде эл аралык байкоочуларга катышууга жол берүү;

– чүчү кулакты өткөрүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө алдын ала кабар жөнөтүү.

КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары 8-ноябрда өтүүчү иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү көзөмөлгө алат.

Төмөндө чүчү кулак өткөрүү иш-чараларынын графиги тиркелди.

143