7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: Бюллетендеги катар номурлар талапкерлерге чүчүкулак менен берилет

629

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-октябрда Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катталган саясий партиялар менен бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин арасында шайлоо бюллетенине киргизүүдөгү кезектүүлүктү аныктоо боюнча чүчүкулак өтөөрүн жарыялады.

Чүчүкулакка талапкерлер, саясий партиялардын жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катыша алышат.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча БШКга 381 жарандан шайлоого катышуу ниетин билдирген арыз келип түшкөн.  Алардын ичинен  14ү шайлоого катышуудан баш тартып, 330у талапкер катары катталган.

Ал эми партиялардын талапкерлерин каттоо учурда уланып жатат, аныгыраагы бүгүн, 29-октябрь кечки 18:00дө жыйынтыкталат. Азырынча 21 партиядан  1 046 талапкер каттоодон өткөн.  Алардын ичинен 669 – эркек, 377 – аял.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

630