Кечээ, 29-октябрь Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого талапкерлердин документтрин каттоону жыйынтыктады. Натыйжада 21 саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси бекитилген. Алар;
- 1. “Бүтүн Кыргызстан”,
- 2. «Ата Мекен»,
- 3. «Ишеним»,
- 4. «Ынтымак»,
- 5. «Улуттар Биримдиги»,
- 6. «Ата-Журт Кыргызстан»,
- 7. «Ыйман Нуру»,
- 8. «Альянс»,
- 9. "Эл Үмүтү",
- 10. «Азаттык»,
- 11. «Улуу-Журт»,
- 12. «Мекенчил Эл»,
- 13. «Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы»,
- 14. «Социал-демократтар»,
- 15. « Аруузат»,
- 16. «Ордо»,
- 17. «Багыт»,
- 18. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»,
- 19. «Легалайз»,
- 20. «Күчтүү регион»,
- 21. «Жашасын Кыргызстан».
Мыйзамга ылайык, саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54 талапкерди гана сунуштай алат. Анын ичинде төмөндөгү талапкер созсүз эске алынат.
- — бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;
- — 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- — ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- — кеминде 2 талапкердин — ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.
Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы 21 саясий партиядан – 1 046 талапкер сунушталганы жазылган. Алардын ичинен 669 – эркек, 377 – аял. Майыптыгы бар талапкерлердин саны – 46, башка улуттун өкүлдөрүнөн – 189 талапкер , 267 талапкердин жаш курагы 35тен ашпайт.
Партиянын тизмеси жана талапкерлер тууралуу мындан кийин да маалымат берилет, бидин сайтка көз сала жүрүңүз.