7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бул күн сизге тынчтык жана бейпилдик алып келсин». АКШ сулуусу 60 кабаттуу имараттан секирип каза болду

890

«АКШ сулуусу 2019» сынагынын жеңүүсү Чесли Кристи Нью-Йорктогу 60 кабаттуу имараттан секирип каза болду. Бул туралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

30 жаштагы сулуунун сөөгүн 30-январь күнү эртең менен өзү жашаган үйдүн астынан табышкан. Аны акыркы жолу 29-этаждан көргөндөр болгон.

Басылмалар билдиргендей, АКШ сулуусу каза болорунан мурда кат жазып, мүлкүн апасына калтырарын айткан. Ошондой эле социалдык баракчасына сүрөт жүктөп, «Бул күн сизге тынчтык жана бейпилдик алып келсин» деп жазган.
  
Жөнөкөй жашоодо Чесли адвокат жана теле алып баруучу болуп иштеген. «АКШ сулуусу» сынагын жеңип алган соң ал Американын атынан «Дүйнө сулуусу» сынагына катышып, 10 сулуунун арасына кирген.

«Биздин сүйүктүү Чеслинин өлүмү тууралуу сиздерге билдирүү абдан оор жана кайгыдабыз. Ал өзүнүн сулуулугу жана күчү менен айланасындагыларды сүйүп, жылмайып, кам көрүп, жарык нур чачып турчу«, деп билдирген Чеслинин үй-бүлөсү.

Ал эми укук корго органдары Чесли Кристин өлүмүнүн себеби такталып жаткандыгын билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

891