7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БУУнун башкы катчысы Садыр Жапаровду уюмдагы мүчөлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады

588

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин өлкөнүн БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктады.

«1992-жылдын 2-марты датасы биздин Уюм үчүн өзгөчө окуя болуп эсептелет. Бүгүнкү күндөгү БУУнун бардык мүчөлөрүнүн 5 пайыздайы дал ушул күнү уюмга кошулушкан.

Акыркы отуз жылдын ичинде биз аймактагы жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана социалдык прогрессти камсыз кылуу үчүн барган сайын тыгыз өнөктөштүк мамилелерди түздүк. Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына карай алга жылып, глобалдык чакырыктарды чечүүдө көп тараптуу системанын маанилүү жактоочусу болуп саналат.

Биз COVID-19 пандемиясынан өзүбүзгө келебиз деп үмүттөнүп жаткандыктан, биргелешип туруктуу жана адилеттүү коомдорго карай бара алабыз деп ишенем. Тилектештик, максаттардын биримдиги жана диалог, компромисс жана ынтымак руху менен биз туш болгон кыйынчылыктарга туруштук бере алабыз жана Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкка, бакубаттуулукка жана бардыгы үчүн адам укуктарына болгон негизги умтулуусун ишке ашыра алабыз», — деп айтылат катта.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш отуз жыл ичинде БУУга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирип, алдыдагы көптөгөн жылдарда дагы байланыштар мындан ары да чыңдалат деген ишенимин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

589