11-мартка карата республика боюнча “Социалдык контракт” программасы аркылуу каражат алууга 1825 арыз түштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 607 үй-бүлө менен келишим түзүлүп, анын ичинен 341 долбоор айыл чарба багытында ишке ашууда. Арыздарды кабыл алуу уланууда.
Быйыл программа алкагында 13 333 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилет.
“Социалдык контракт” программасы 2022-жылдан бери иштеп келет. Төрт жыл ичинде 48 557 үй-бүлө менен келишим түзүлүп, алардын көпчүлүгү айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарында бизнес-долбоорлорду ишке ашырууда.



