7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл Талас облусу боюнча 70,8 миң тонна төө буурчактын түшүмү алынды 

146

Талас облусу боюнча 2025-жылы төө буурчактын түшүмү 70,8 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, фермерлерди колдоо жана төө буурчактын баасын турукташтыруу максатында, Министрлер Кабинети «Кыргыз Агрохолдинг» ААКга төө буурчак сатып алуу үчүн 100 миллион сом бөлүнгөн. Төө буурчакты сатып алуу иштери фермерлерди колдоо максатында 1 килограммы 95 сомдон жүргүзүлгөн. Белгилей кетсек, башка сатып алуучулар төө буурчакты 92 сомдон кабыл алууда.

2023-жылы төө буурчак эгүү аянты 53,6 миң гектарды түзүп, жалпы түшүм 72,3 миң тоннаны түзгөн.

2024-жылы эгилген төө буурчактын аянты 53,2 миң гектардан ашып, жалпы түшүм 82,5 миң тонна болгон. Орточо түшүмдүүлүк 1 гектардан 18,4 центнерди түзгөн.

2025-жылы төө буурчак айдалган жерлердин аянты 55,8 миң гектардан ашып, жалпы түшүм 84,2 миң тонна болуп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 15,7 центнерди түзгөн. Андыктан, айрым жеке тараптардын (блогерлердин) 100 миң тоннадан ашуун төө буурчакты алган кардарлар жок, баасы бир килограммына 60 сомдон ашпай жатат, — деген такталбаган маалыматтары чындыкка дал келбейт. 

Учурда Талас облусунда  төө буурчак төмөнкү баалар менен сатылууда: 

 — «Скороспелка» сорту  — 155 — 160 сом;

 — «Лопатка» — 95 сом;

 — «Томат»  — 92 сом.

147