7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үч баланын энесин өлтүрүү иши боюнча эки милиция кызматкери кармалды

171

УКМК үч баланын энесин ырайымсыз өлтүрүү фактысы боюнча тергөөнүн жүрүшүндө жаңы жагдайлар аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен ыкчам топ түзүлгөн. Тергөө учурунда маркумдун коргоо ордеринин бар экени аныкталган.

Маркумда өмүрүнө коркунуч бар экенин көрсөткөн «Жогорку деңгээлдеги» коргоо ордери болгон. Бирок участкалык инспектор жабырлануучунун кайрылууларын эске алган эмес.

Ошондой эле башка милиция кызматкери айыпталуучуга травматикалык куралды мыйзамсыз уруксат берген жана мөөнөтү өтсө да куралды алып койгон эмес.

 29-декабрда эки кызматкер кармалып, камакка алынды.


Тергөө уланууда. Анын жыйынтыгында укук коргоо органдарынын бардык жооптуу кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берилери маалымдалды.

172