7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумушка мас болуп келген соттун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

1025

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Оңолбеков Дамирбек Мадылбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облустук сотунун судьясы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселеси боюнча кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров иш-чаранын бардык катышуучуларынын көңүлүн Чүй облустук сотунун төрагасынын мас абалында жумуш бөлмөсүнүн эшигин ачууга аракет кылган видеотасмага бурган.

Президент кошумчалагандай, алынган маалыматка караганда ал күн сайын жумушка ушундай мас абалда келет. Өлкө башчысы Жогорку соттун төрайымынан ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Кийинчерээк Судьялар кеңешинин чечимине ылайык, президентке Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбековду кызматтан алуу сунушталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1026