7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй облусунун Кемин районунда мал уурдоого шектүүлөр кармалды

614

Чүй облусунун Кемин районунда мал уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү Кемин РИИБине 59 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 19-февралдан 20-февралга караган түнү сарайына белгисиз адамдар кирип, бир баш бодо малын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене «уурдоо» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы мал уурулугуна шектелип 26, 29 жана 23 жаштагы үч жаран кармалды. Териштирүү учурунда кармалган жарандар Кемин районунун аймагында катталган дагы бир мал уурулугуна тиешеси бар экендиги аныкталган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, шектүү жарандар уурдалган малды союп, колбаса чыгарган жайлардын бирине өткөрүп жиберишкени такталган. Кармалган жарандардын бири (1995-жылы туулган) убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, ал эми эки жарандын үстүнөн териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

615