7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө 55 жаштагы жаран уурдап алган мылтыкты базарда сатууга аракет кылган

582

Беловодск айылында базарда курал сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Москва РИИБге жаран курал сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын негизинде Москва РИИБге катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак сатуу фактысы тастыкталып, Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери жана Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан 55 жаштагы жаран кармалган. Шектүү Москва районунун Беловодск айылынын базарында бир атар, 16-калибрдеги ТОЗ үлгүсүндөгү мылтыкты жана 2 ок-дарысын сатканы белгилүү болгон.

Ошондой эле жогорудагы куралды Чүй облусунун Панфилов районундагы кашарлардын биринен уурдап кеткени белгилүү болду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

583