7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жайылда 64 жаштагы аял өлтүрүлдү. Кылмышка шектүү кармалды

757

Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

26-март күнү Жайыл РИИБге телефон чалуу болуп, аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Жайыл РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда анын 1958-жылы туулган аттуу жаран экендиги такталган жана анын киши колдуу болгону аныкталган.

Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1981-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

758