7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө аң уулоого чыккан 49 жаштагы жаранды кар көчкү басып калып каза болду

827
Чүйдө кар көчкү бир жаранды басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч аңчынын бирөө жок болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде жерине беш куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жеткенде коктуда болжол менен 3000 м3 кар көчкүсү түшкөндүгү аныкталган.

Издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 17:45те көчкүнүн астынан 49 жаштагы Б.Р. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Каза болгон жарандын сөөгү райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

828