7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө айдоочу рулга ээ боло албай бакты сүзгөн. Кесепетинен 2 адам көз жумуп, 6 адам жабыркады

929

Чүйдөгү жол кырсыкта 2 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 31-март күнү Москва районунун Төлөк айылында катталган. Анда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 4 эркек киши, 2 кыз жабыркап, 2 адам көз жумган. Жабыркагандар: 2002-жылы туулган И.Б. 2002-жылы туулган А.У. дагы эки жарандык өздүгү такталып жатат. Ошондой эле 2005 жана 2001-жылы туулган кыздар жабыркаган.

Жерине ӨКМдин 5 куткаруучусу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Тез жардам кызматы менен Москва райондук ооруканага алып жеткирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

930