7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө аялдарды муунтуп, телефондорун тартып алып жүргөн шектүүлөр кармалды

315

Чүй облусунун Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын декабрь айында жана 2021-жылдын январь айында Аламүдүн районунун аймагында аялдарга карата үч тоноо фактысы катталган. Ал окуяларда белгисиз эркек балдар аялдарга күч кодонуп, муунтуп, телефондорун тартып алып окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене «Тоноо» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

«Иликтөө иш-чаралардын натыйжасында түнкүсүн аялдарды тоноого шектелип 20 жаштагы Б.М. жана буга чейин бир нече жолу соттолгон 21 жаштагы К.Д. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

316