7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдөгү көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги коррупция боюнча 24 мамкызматкер кармалды

14

Бүгүн, 24-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда жыйын болуп өттү.

УКМК төрагасы бүгүнкү кеңешменин темасы Чүй облусундагы «Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал экенин айтты. “Чалдовар-Автодорожный » көзөмөл өткөрүү пунктунун иш зонасында Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Транспорт министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдары өзүнчө «ортомчулар» менен сүйлөшүп, жалган товарларды-коштоочу документтерди колдонуу менен ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо боюнча коррупциялык схеманы түзүшкөндүгү аныкталган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча КР эки жараны, Чалдовар айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты жана Өзбекстандын жараны ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоону жүзөгө ашыруу максатында «Жорго ТД» ЖЧКсын жана «Радиант» ЖЧКсын катташып, аталган мамлекеттик органдардын кызматкерлерине «М Банк» аркылуу жана Кыргызстанга товарларды контрабандалык жол менен алып келүүнү жашыруу үчүн накталай формада дайыма пара түрүндө акча каражаттарын берип турушкан.

Жыйынтыгында Салык кызматынын 7 кызматкери, Чек ара кызматынын 6 кызматкери, Айыл чарба министрлигинин Фитосанитардык кызматынын 7 кызматкери жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын 4 кызматкери жыйын учурунда кармалды.

Бул коррупциялык схемада «ортомчулар» «ТД Жорго» жана «Радиант» фирмалары аркылуу жасалма маалыматтар менен жасалма документтердин негизинде жүк ташып келүү үчүн оор жүк ташуучу бир транспорт бирдигине 1500дөн 2000 АКШ долларына чейин акча алышкан.

Мында мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ортосундагы мыйзамсыз сый акынын өлчөмү 5000 сомдон 7000 сомго чейин жеткен. «Чалдовар Автодорожный» өткөрмө пунктунан мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан күн сайын 80 миң сом чогултулган.

Ташиев «Ак-Жол Автодорожный» жана «Ак-Тилек Автодорожный» сыяктуу башка көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишмердүүлүк зонасында коррупциялык фактылар бар экендиги тууралуу да ушул сыяктуу маалыматтар түшүп жатканын билдирди.

 

15