7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдөгү кампадан 5 тонна дары чөптүн тамыры табылды

633

Чүй облусундагы кампалардын биринен беш тоннага чукул дары чөп (Dictamnus L, ясенец) табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Жүктү тиешелүү уруксат документтери жок эле чет өлкөгө сатуу максатталган. Жалпы салмагы 4923 килограмм өсүмдүктүн тамыры жана аны кесип, кургатууга даярдоочу станоктор табылды.

Жапайы өсүмдүктөрдү жыйноо жана сактоо менен алектенген кампа ижарачылары бул ишкердикке тийиштүү уруксат албай экологияга зыян келтиришкен. Аталган өсүмдүктүн килограммы 1000 сомдон 1200 сомго чейин бааланат. Мамлекетке 24 миллион 615 миң сом зыян келтирилген.

Ошондой эле минкабдын 28-майдагы токтому менен аталган өсүмдүк даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салынган (мораторий) тизмеге киргизилгени кошумчаланды.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

634