7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдөгү Капиталдык курулуш башкармалыгында бюджеттик каражаттар мыйзамсыз чыгарылган

695

Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Турак жай-курулуш департаментинин кызмат адамдары тарабынан документтерди кызматтык жасалмалоо жана жасалма подряд түзүү жолу менен, өзгөчө ири өлчөмдө (30 миллион сомдон ашык) бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча маалыматтар такатлып алынган.

Такталган боюнча, 2019-жылдын декабрь айында тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма кошумча келишимдерди түзүү менен подрядчы «С.Т.» ЖЧКсынын пайдасына 30 млн сомдон ашык суммадагы каражат республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып, иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылган эмес.

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында подряддык компаниянын директору К.А.Д. КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аныктоого байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

696