1-март күнү саат 16:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 100-чакырымында жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду.
Алдын ала маалымат боюнча, “Хюндай Соната LF” унаасы каршы тилкеге чыгып, “Ауди С4” менен кагылышкан. Натыйжада “Ауди С4” унаасынын 68 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерде, ал эми 75 жаштагы айдоочусу ооруканага жетпей каза болгон.
“Хюндай Соната” унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү Кемин районунун аймактык ооруканасына жеткирилди. Учурда кырсыктын себептери такталууда.



