7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө канал жарылып, турак үйлөрдү суу каптады

752

Кемин районунда канал жарылып, турак үйлөрдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн 14-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын түштүк тарабынан 20 м3 суу таш аралаш агып келип, каналга батпай, каналдын бетонун сындырды.

Каналдан ташыган суу Ударник айылынын Ленин көчөсүндөгү үйлөрдүн короо жайын суу каптаган.

Учурда куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен суу толгон эки үйдүн короо жайларын сордуруп иш-чарасын жүргүзүп бүттү, ошондой эле көчөгө кум шагыл ташы төшөлдү.

Табигый кырсыктын кесепетин жоюп, алдын алуу максатында 2 жүктөгүч, 1 Хово, 1 эксковатор тартылып, суунун нугун буруп токтотушту.

Азыркы учурда Кемин районунун акими, Кемин райондук ӨКБнүн башчысы өздүк курамы, ошондой эле Жарандык коргонуу кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

753