7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

790

Курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

4-апрелде ыкчам маалыматты ишке ашыруунун жүрүшүндө УКМК тарабынан Мамлекеттик чек аранын Чүй чек ара отрядынын аскер кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун аймагындагы курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды. Жашыруун жайдан мергенчилик мылтыгы, травматикалык тапанча, үн чыгаруучу граната, автомат жана тапанча үчүн 7,62 калибрдеги ок-дары, 16 калибирлүү мергенчилик гильзалары, ок жана казакстандык Beeline операторунун 2 сим-картасы табылып алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак жана ок-дарылар кылмыштуу элементтер тарабынан кылмыш жасоо үчүн даярдалгандыгы аныкталды. Учурда курал-жарактын келип чыгышы жана жашыруун жайларды уюштурган адамдар такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

791