7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө мыйзамсыз ээлеп алган 2, 44 гектар жер мамлекетке кайтарылды

171

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жана прокуратурасы тарабынан мамлекетке баасы 41 482 000 сом болгон жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, жаран Чүй облусуна караштуу Арал айылынын жанында жайгашкан, жайыт катары пайдаланууга тийиш болгон аянты 2,44 гектар жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп, аны көп жылдык өсүмдүктөргө арналган жер категориясына мыйзамсыз өткөрүп алган.

Ошондой эле ал жерге өз алдынча шагыл-кум аралашмасын иштетүүчү майдалоо жабдуусун орнотуп, иштетип келген.

«Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын жана Жер жана суу көзөмөлү кызматынын адистеринин катышуусунда, жалпы аянты 0,41 гектар болгон жердин бузулушу аныкталып, келтирилген зыяндын суммасы 1 118 424 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Чүй облусунун ИИББсына өткөрүлүп берилген.

Жаран өз ыктыяры менен аянты 2,44 гектар, баасы 41 482 000 сом болгон жер тилкесин мамлекетке кайтарып 1 118 424 сом өлчөмүндө — төлөп берген.

Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

172