7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдүн Москва районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

561

 

Чүйдүн Москва районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2020-жылдын август айынын орто ченинде Москва РИИБине айыл тургуну арыз менен кайрылып, тааныш болуп жүргөн эркек киши анын ишенимине кирип, 2019-жылдын ноябрь айында анын унаасын карызга алып, 2020-жылдын июнь айына чейин бөлүп төлөөгө убада кылып, ошол бойдон акчасын бербей качып жүргөнүн айткан.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардык бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган С.Р. аттуу Садовое айылынын жашоочусу кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жаран унаанын ээсинин уруксааты жок, документтерди жасалмалап өзүнө өткөрүп алганы белгилүү болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып териштирүү иштери улантылууда.

562