7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө шектүүлөр чет элдик эки жаранды батирде коркутуп, 1 ай бою кармаган

557

Аламүдүн районунда чет элдик жарандын уюлдук телефонун тартып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү милицияга Азербайжандын 1960-жылы туулган жараны кайрылган. Аталган жаранды жана Азербайжандын дагы бир 2001-жылы туулган жаранын батирде бир ай бою кармап турган эки жигитке чара көрүүнү суранган. Алар күч колдонуп коркутуп, арыз ээсинин Редми 10 маркасындагы телефонун тартып алышкан.

Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында 1995-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

558