7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө төрөлгөн 4 эмге Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым берилди

1258

Чүй облусттук төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн 4 ымыркайга салтанаттуу түрдө туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

«Майрамдык маанайда Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери төрөт үйүнө барышып, ымыркайлардан кабар алып, алардын бактылуу ата-энесин ымыркайлардын төрөлүшү менен куттуктап, белектерин беришти. Андан соң, дароо “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пул алууга документтер толтурулду», -деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, 10-февралда Кыргызстанда төрт эм (бир уул жана үч кыз) төрөлүштү. Аларга Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым берилди.

Азыркы күндө ымыркайлардын энесинин жана ымыркайлардын абалдары жакшы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1259