7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө темир буюмдарды жана бир нече койду урдаган жаран кармалды

595

Чүйдө бирөөнүн мүлкүн өзүнө ыйгарып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Панфилов РИИБке арыз менен Р.А. аттуу жаран кайрылган.  Анын фермасында иштеген адам сарайдагы темир буюмдарын жана бир нече койлорун уурдап, изин жашырып кеткенин билдирген.

Аталган окуя боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында бул кылмышка шектүү болгон 1994-жылы туулган Ф.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

596