7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө УКМКнын жаңы имаратынын ачылышы болду

499

Бүгүн, 24-августта Чүй облусу боюнча УКМКнын Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жаңы салынган имаратты  УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин катышуусунда салтанаттуу түрдө ачылды.

Ошондой эле, аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Джумагазиев, башкармалыктын өздүк курамы жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлердин иштөөсү үчүн керектүү шарттар менен толук түзүлүп  жана бардык заманбап талаптарга жооп берет.

Генерал-лейтенант Ташиев кызматкерлерди куттуктап, УКМКнын кызматкерлерине мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттарды түзө берерин белгиледи.

Ошондой эле, Ташиев актуалдуулукту эске алуу менен коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.  Ал Садыр Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасында коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

500