7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды

216

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Таш-Дөбөн айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары кылмыштуу кутум менен Р.Э.Р.ге Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбөн айыл өкмөтүнүн “Сейил” участогунда жайгашкан 1,01 гектар жер тилкесин мыйзамсыз бергени аныкталган.

КР Айыл чарба министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын корутундусуна ылайык, жогоруда аталган жер участогун берүүдө КР мыйзамдарынын бузулушуна жол берилгени аныкталган.

Бул фактынын негизинде КР УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгоп, Н.А.К. кармалган.

Учурда жогоруда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

217