7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чарчап калган наристе. Сот дарыгердин үй камагына чыкканынын себебин айтты

694

Бишкек шаардык сотунун судьясы маалымат жыйын уюштуруп, стаматологиядагы наристенин өлүмүнө айыпталып жаткан дарыгер эмне үчүн үй камагына чыгарылганын түшүндүрдү.

Мирад Динеевдин айтымында, биринчи инстанциядагы сот тергөөчүлөр медик Айнура Туратбекованын туруктуу жашаган жери жок экенин билдиргендиктен камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок апелляциялык инстанциядагы соттор анестезиологдун туруктуу жашаган жери тууралуу документи бар экенин аныкташкан.

Ошондой эле, ага коюлуп жаткан айыптоо оор кылмыштарга кирбей турганын билдирди.

“Мыйзам боюнча өтө оор эмес кылмыштар үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Айыпталуучу издөөдө жүргөндө, жашаган жери жок болсо же өздүгү тактала электе гана камакта кармалат. Баш коргоо чарасын өзгөртүүдө маркум кыздын атасы айткандай айыпталуучунун атасы ооруп жатканын эске алган жокпуз”, — деген Динеев.

Эскерте кетсек, 18-декабрда Бишкекте тишин дарылаткан 3 жашар кыз чарчап калган. Анын чоң энеси менен атасы акыйкаттык издеп коомчулукка кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

 

695