7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чаткалда кар көчкүнүн астынан 97 кой, 3 жылкы жана жеңил унаа чыгарылды

1064

Чаткалда чоң кар көчкү түшүп, 3 сарайды мал жандыктары менен басып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

12-мартта Чаткал районунун Жаны-Базар айылында саат 11:30дар чамасында 1 миллион метр куб көлөмүндөгү кар көчкү 3 сарайды мал жандыктары менен кошо басып калган.

Кырсык катталган аймакта ӨКМдин
Чаткал райондук бөлүмүнүн жетекчиси башында турган 17 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматтарынан 17 кызматкер жана 2 бирдик жүктөгүч, 1 бирдик трактор тартылган.

Бүгүн кар көчкүнүн астынан 97 баш кой, 3 жылкы жана Хонда Одиссей унаасы чыгарылды. Такталган маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен айыл тургундарынын болжол менен 156 кой, 6 жылкы жана Одиссей үлгүсүндөгү жеңил унаа кар көчкү астында калган.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. 13-март күнү мал жандыктарын кар астынан чыгаруу иши улантылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1065